*✨БАКТЫЛУУЛУК- ИСЛАМДА! БАЛДАРЫБЫЗДЫ ЫЙМАН МЕНЕН ТАРБИЯЛАЙЛЫ.*
✍🏻 Биз адамзат жашоодо үй -бүлө куруп, бала-чакалуу болуп, бир күн күчүбүз, алыбыз кете турган карылык босогосун, карылык даамын тата баштайбыз. Карыганда балдарыбызды кандай тарбиялаган болсок, ошол мезгилде өзүбүз кандай тарбия берсек, ошонүн үзүрүн көрөбүз. Ал мезгилде мээримге, сый -урматка, жакшы сөздөрдү угууга муктаж болуп калабыз.
Сиз үчүн балаңыз карыганда сыйыңызды жайыңызга койгон,мээримин төгүп "атам, энем менин, асылдарым" деп,айланып тегеренип, кадырлаган, намазы, ыйманы, орозосу бар, жакшылыгы үчүн чуркаган, жаназаңызда турган, дубаларын кылып, сизге ден -соолук, өмүр тилеген уул ,кызыңыз,келиниңиз бо