Бир киши абдан сулуу аялга ашык болуп, ал аялга үйлөндү. Бир күнү жолдошу жумуштары менен алыскы аралыкка көп убакытка сапарга жөнөп кетет. Анда үйдө калган аялы кокустан ала-пес ооруга чалдыгат. Улам күн өткөн сайын оорусу күчөп баштагы сулуулугу жоголуп терилери үзүлүп-үзүлүп түшүп калды. Оорусунун айынан сулуулугун жоготкон аял: “эми күйөөм келсе эч кандай шек жок, келээри менен мени кетирет да башка аял алып алат” - деп коркуп олтурат. Узак убакыттан кийин кайткан күйөөсү үйүнө таяк менен жер сыйпалап келет. Аны көргөн аялы: “Сизге эмне болду?!” – деп чоочуп кетет. Күйөөсү: “Сапардан кайтып, үйгө келе жаткан элем, кокустук болуп көзүмдүн нуру кетип калды” - дейт. Ошентип көзү көрбөгөн кү