Сенин артыңдан сүйлөгөн адам сага бул дүйнөдө зыян бериши мүмкүн. Бирок, Акыретте сага сөзсүз пайдасын тийгизет, ошондуктан аны жөн кой, акмактыгын уланта берсин!.
Бир киши Халид бин Валидке келип: "Баланча сизди тилдеди" - дейт. Халид: "Анын Кыяматта окулуучу китеби өз колунда, өз китебин өзү каалаган нерсе менен толтура берсин!" - деп, жооп узатат.
Бир киши аалымга келип: "Баланча сизди тилдеди" - дейт. Аалым: "Шайтан сенден башка элчи таппай калдыбы?" - деп жооп берет.
Бир киши досуна: "Баланча сени тилдеди" - дейт. Досу: "Ал мени жаа менен атты, бирок жебеси мага тийген жок. Бирок, сен эмне үчүн мага жетпеген жебени менин жүрөгүмө сайып ж