Киши Аскаттын бул суроосун угуп бир үшкүрүнүп алды да, алдындагы чайынан бир ууртап, папкасынан баягы гүлүн алып, суусу толгон вазага салып сөзүн мындай баштады.
-Мындай суроо бергениңе караганда жөнөкөй жигит эмес окшойсуң. Күн ара келип бул кафеге кардар болсом да, эч бир жанга бул абалымды билдирбестен эң акыркы орунга олтурсам дагы сенин мага көңүл буруп, байкаганың жөн эмес-деп жооп берди киши Аскатты карап бир үшкүрүнүп алды.
-Эмне үчүн? Эмне үчүн ар бешинчи күнү сайын, эмнеге окшош заказдар, өзүңүз жалгыз келсеңиз да, эмнеге эки чай, жана сураарым эмнеге мынча муңдуусуз-деп бул кишинин көөдөнүндө катылган сырды билиш үчүн, шашканынан бир суроонун артынан бирин берип жатты.
-Иним, түшү