💥 Кыямат күнү келгенде Алла Таала жаңы жашоо, жаңы дүйнө пайда кылат. Мүрзө жана башка жерлерде чириген денелер Алла Тааланын кудурети менен мурункусундай жаңыдан жашоого келет. Алла Таала Исрафил (алейхи саламды) тирилтип экинчи ирет суурду үйлөөгө буйрук берет. Анан денелерге жан кирет. Тирилген жандар Машхар аянтына карай жөнөшөт. Ошол убакта адамдар эч ким эч ким менен иши жок, баары өз жанын ойлоп калышат. Бул аянт пенделердин дүйнөдө кылган иштери үчүн эсеп-жооп бере турган орду болуп эсептелет.
🌙 Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде келгендей:
“Кыямат күнү күн элдерге бир мил (өлчөм) жакын болот. Элдер амалдарына жараша шорго (терге) малынат. Бирөөлөр