Абу Катада (р.а) дан риваят; Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллям) дын мындай деп айтып жатканын уктум: "Жакшы түш Аллах Таала тараптан болот. Жаман ( анда коркунучу бар) түш шайтандан болот. Силердин бирөөңөр жаман түш көрсөңөр, сол жагына үч жолу түкүрүп ал түштүн жамандыгынан Аллахтан сактануу сурасын. Ал түш ага зыян бере албайт". (Бухари)(ыйман нуру)