Ата кадыры
Аргымак оозун тарткандай,
Алсырап канат каккандай
Атасыз жигит, бөксөрүп,
Азайып бара жаткандай.
Аталуу жандар толукшуп,
Алкымга жете толуп жык.
Ал-күчтүү, куунак ал тургай,
Аскадан бийик болушуп.
Атанын баркын, кадырын,
Аталуу жандар билгиле.
Ардактап, сыйлап барында,
Ак бата алып жүргүлө!
Омурбек Калдар уулу