Досту көрдүм,тонду жаап кыйшайган,
Жагынууда сени сатып турушкан.
Бир мезгилде туз татканын унутуп,
Суу куюшуп,күрөйт экен артыңдан.
Акча керек,деп сурашкан жалбарып,
Күнү бүтүп,калчуулардай бүрүшүп,
Жакшылыгың билмексендей калтырап,
Куу амалын колтугуна түйүшүп.
Достордун түрүнү жолуктурдум,
Кол сунуп,жардам берип оолугупмун,
Жүздөнүп,жадган дүйнө агындарын,
Алаксып,алар көздөй сорулупмун.
Убакыт-таразадай тактыгы бар,
Андайларга күлүп коюу,сактыгым бар.
Жаратканым белек кылган,түбөлүккө,
Акыретте кездешүүчү бардыгы бар.
Акыл калчап,көз ирмемде кетирдим,
Кимдигимди мамиледе бекиттим.
Иши бүтүп,жүзүн үйрүп кеткенден,
Узатууда жакшы бар деп,кетирдим.
Мезгил жылып,баары калды артымда,
Дос