"Аялзатынын ТҮЙШҮКТӨРҮ"
Бул дүйнөгө,тартуу үчүн түйшүктү.
Аялзаты темир болуп түштүбү.
Анда~санда өзүн койсо жасанып.
Кыйкырабыз,таштачы деп күзгүнү...
Моюнга артып,баардык болгон түйшүгүн.
Аялзаты жасап келет бүттүгүн.
Бул дүйнөгө түйшүк тарт деп атайын.
Жаратканым,кылды беле бүтүмүн...
Үйүн жыйнап,кийимин жууп,үтүктөп.
Тамак жасап,бала багып жүгүрөт.
Канчалык оор жумуштарды аткарып.
Жүрсө дагы,кемсинтебиз түрткүлөп...
Биз эркектер,арсыз эле немебиз.
Саныбыз бар,сапаты жок экенбиз.
Жүктөп коюп,баардык ишти аялга.
Уялбастан кантип жашап келебиз...
Бизге дагы,жадакалса малга да.
Баарыбызга аял көрөт камылга.
Үйдө аял,эшикте эркек аталып.
Кызмат кылып,чыдап жүрөт