Предыдущая публикация
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
  • Главная
  • Увлечения
  • Видео
  • Группы
  • Люди
  • Публикации
  • Игры
  • Подарки
  • Поздравления
  • Помощь
  • русский
Левая колонка
Фотография от Младшая (Ularbekov)

Младшая (Ularbekov)

Последний визит: 30 окт 2018
Фотография от Младшая (Ularbekov)
Фотография от Младшая (Ularbekov)
Фотография от Младшая (Ularbekov)
Фотография от Младшая (Ularbekov)
Фотография от Младшая (Ularbekov)
Фильтр
ЗаметкиУвлечения
Младшая (Ularbekov)
17 янв 2018
КЫРГЫЗЧА ТАМАК-АШ РЕЦЕПТТЕРИ
ТОБУРЧАК» САМСАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун төш эти – 300 грамм
Ак нан (жумшак) – 30 грамм
Сүт – 100 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Даяр каттама камыр – 350 грамм
Жумуртка – 1 даана
Кооздук үчүн: ашкөк, анар дандары
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Тооктун этин майда туурап алабыз.
2. Нанды сүткө малып, кайра алып чыгып сарыктырабыз да, тууралган этке кошобуз. Ага туз, мурч, майдаланган сарымсакты кошуп жакшылап аралаштыруу керек.
3. Туурамжыны 8-9 бөлүккө бөлүп, ар бирин жалпак сүйрү формага келтирип алабыз. 
4. Бөлмө температурасындагы каттама камырдын ар бирин жайып, анан төрт бурчтуу формада кесип алабыз. Ичине фаршты салып, четтерин чымчып бекитүү керек.
5. Камырдын чымчып
Младшая (Ularbekov)
17 янв 2018
КЫРГЫЗЧА ТАМАК-АШ РЕЦЕПТТЕРИ
АРМЯН ЛАВАШЫ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 300 грамм
Суу – 1 стакан
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Татымына жараша туз

1. Буудай унунан өтө катуу, өтө жумшак кылбай камыр жууруп, тыныктырып коёбуз. 
2. Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгын 1-2 миллиметрдей кылып жука жаябыз да, түбү калың, какшыган көмөч казанга эки бетин кактап бышырып алабыз. Күйгүзүп алуудан абайлаңыз!
3. Бышкан ысык лаваштын үстүн ным чүпүрөк менен жаап коюу керек. Муздаган кезде целлофан баштыкка салып муздаткычта 3 күнгө, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө 6 айга чейин сактоого болот.
Младшая (Ularbekov)
17 янв 2018
КЫРГЫЗЧА ТАМАК-АШ РЕЦЕПТТЕРИ
БУРИТТО

Керектелүүчү азыктар:

Капуста – 100 грамм
Бадыраң – 1 даана
Краб таякчалары – 100 грамм
Лаваш – 1 даана
Майонез – 2 аш кашык
Татымына жараша туз


Даярдоо ыкмасы:

1. Капустаны ичке туурап алып, татымына жараша туз кошуп аралаштырабыз.
2. Бадыраңды жука, тегерек формада туурайбыз.
3. Краб таякчаларын таңгагынан чыгарып, узатасынан 5-6 бөлүккө бөлөбүз.
4. Лавашты тең ортосунан экиге бөлүп, ортосуна майонезди сүйкөйбүз (чет жактарынан 2 сантиметрдей калтыруу керек). Эми лаваштын бетине капустаны, анын үстүнө краб таякчасын, бадыраңды салып, четтерин кайрып конвертке окшоштуруп оройбуз. Лаваштан жасалган нанүштөбүз даяр!
Младшая (Ularbekov)
17 янв 2018
КЫРГЫЗЧА ТАМАК-АШ РЕЦЕПТТЕРИ
ЛАВАШ ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш – 4 даана
Каймак – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Быштак – 300 грамм
Сыр – 150 грамм
Укроп же петрушка – 1 тутам
Татымына жараша туз


Даярдоо ыкмасы:

1. Быштакка сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды жана майда тууралган укропту же петрушканы кошуп аралаштырабыз.
2. Лаваштарды жайып бетине аралашмадан тегиз себелейбиз да, оройбуз.
3. Электр мешинин табасынын ичин майлап же пергамент кагазын төшөп, лаваштарды үлүлдөй кылып ороп салабыз.
4. Эки чийки жумуртка менен каймакка татымына жараша туз кошуп аралаштырып, лаваштын үстүнө куябыз да, 180 градуста ысып турган электр мешине пирогду бети кызарганча бышырып алабыз.

Лаваштан кадимкидей оромо бышырууга да болот.
  • Младшая (Ularbekov)
    17 янв 2018
    КЫРГЫЗЧА ТАМАК-АШ РЕЦЕПТТЕРИ
    РОЗА МАНТЫ
    Кандай азыктар керек?

    Камыр үчүн:

    Ун: 3 стакан

    Суу: жарым стакан

    Жумуртка: 1 даана

    Майонез: 2 чоң кашык

    Туз: жарым кашык

    Фарш үчүн:

    Эт: 300 г

    Пияз: 2 баш

    Койдун ич майы: 100 г

    Туз, мурч

    Кантип жасалат?

    Камырга керектелүүчү азыктарды аралаштырып, камыр жууруйсуз да, аны жарым саат тыныктырып коёсуз.

    Камыр тыныккыча өзүңүз каалагандай фарш жасайсыз.

    Камырды жайып, болжол менен узунун 30, туурасын 10 см кылып кесесиз.

    Камырдын ортосуна фаршты салып, бүктөйсүз да, розанын формасына келтирип оройсуз.
    Младшая (Ularbekov)
    17 янв 2018
    КЫРГЫЗЧА ТАМАК-АШ РЕЦЕПТТЕРИ
    ВАРЕНИКТЕР

    Кандай азыктар керек?

    Камыр: 1 жайым

    Картошка: 2-3 даана

    Пияз: 1-2 баш

    Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык

    Каймакмай: 2 чоң кашык

    Туз, мурч

    Кантип жасалат?

    Картошканы аарчып, чоң-чоң бөлүктөргө бөлүп алып сууга бышырасыз.

    Пиязды майда туурап, өсүмдүк майына кызаргыча кууруйсуз.

    Картошканы эзип, куурулган пияздын үстүнө саласыз. Ага каймакмай, туз, мурч кошуп жакшылап аралаштырасыз.

    Камырды жайып, чоңураак стакандын жардамы менен тегерекчелерди кесесиз.

    Тегерекченин ортосуна картошканы салып, камырдын чекелерин бириктирип, кооздоп коёсуз.

    Даяр болгон варениктерди туздуу сууга салып, 5 мүнөт кайнатасыз.

    Бышканда тарелкага салып, каймак менен берсеңиз болот.
    На этом пока всё
    Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту

    194

    • Апвро Ало
      Бейрут
    • Мээрим Шайлообековна
    • 😎 🍃
      Шарм-эш-Шейх (Шарм-эль-Шейх)
    • Айдайка💞замужем Чыныбекова
      Айдайка💞замужем Чыныбекова
      Токмак (Сахзавод)
    • Nuraiym Orozobekova
      Nuraiym Orozobekova

    39

    • РЕЦЕПТЫ .ПОВАР KG.
      РЕЦЕПТЫ .ПОВАР KG.
      62159 подписчиков
    • Простые рецепты со вкусом
      Простые рецепты со вкусом
      196141 подписчик
    • Кулинарные рецепты с фото
      Кулинарные рецепты с фото
      159577 подписчиков
    • Жашоо Барактары
      Жашоо Барактары
      68237 подписчиков
    • "Аял-эне,аял-жар"
      "Аял-эне,аял-жар"
      81614 подписчиков

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.

    Зарегистрироваться