🌹Кимди жакшы көрүп, кимден үлгү алабыз? Бул суроого кээ бирибиз: атамды, же энемди же башка дагы бир адамды жакшы көрөм - деп жооп беришибиз мүмкүн.
Бирок, бизди ыймансыздыктын сазынан тартып чыгып, ыймандуулуктун чыйырына түшүргөн Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүймөйүнчө, анын артынан ээрчимейинче толук мусулман боло албайбыз.
Ошол үчүн Аллах Таала Куранда Пайгамбарыбызга кайрылып: «Айт (оо, Мухаммад): «Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-мүлкүңөр, жүрүшпөй калуусунан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллахтан, Анын Пайгамбарын