Окуя интернеттен алынды!
Менин бир досум бар эле, аты Айдар, 92 жылкы. Мага жана силерге окшогон эле адам. Бирок кыздар ʺсулууʺ дешчи, артынан чуркап жүрүшчү . Узун бойлуу, кара чачтуу. Ата-энесинин жалгыз баласы. ʺАкчаʺ десе – колунда, каалаганын кылат - кааласа ичет; кааласа чегет; кааласа кыздар менен жүрөт; Тагырак айтканда, туура эмес жолдо жүргөн дос эле. Окуудан келе жатканда, кээде көрүп калчымын, мас болуп жүргөнүн. Экөөбүз сүйлөшүп калсак, Айдардын үч сөзүнүн бирөөсү – ʺзынаʺ жөнүндө эле. Дос балдар болуп туура эмес экенин көп эле айттык, бирок, баланын өзүнөн окшойт, Айдар таакыр өзгөргөн жок. Ошол Айдардын маңдайына жазылган Тагдыры, мага чоооң Сабак болду… элибизде айтылган: