САГЫНЫЧТЫН ЖУМШАК ЖАМГЫРЫ.
Жумшак жагым, жаздын муздак жамгыры.
Куса козгоп, Ала-Тоого азгырды .
Алдан кетип, чарчоо коштоп турса да,
Сагынычым ушул таңды атырды.
* * *
Түн бир убак, жамгыр жаайт шыбырап,
Катуу эмес терезе уруп тыбырайт.
Уккан сайын назик жамгыр шыбырын
Сезимдерим сагынычтан миң ыйлайт..
* * *
Жүзүм тостум, өпсүн жаздын жамгыры,
Бырыш салган кетсин жүздүн кайгысы..
Жаз жамгыры жаай бергин сагынгам,
Эгер болсоң сагынычым даарысы.
* * *
Мен сүйгөн жаздын жумшак жамгыры,
Аздап калдың жаай бербей калпычы.
Сени дагы муунттубу айта кой,
Өткөндөрүң , өткөн күнүң калдыгы.
* * *
Жаай бергин жаздын ,,майин" жамг