Баткендике тийсен жыргайсың. Идиш аяк жуубайсың. Эрте менен турбайсың. Түшкө чейин уктайсың. Болуп калса бойуңда. Такыр жумуш кылбайсың. Түнкү саат үчтөрдө. Салют атып,ырдайсың. Эми айтсам кыскасын. Эч арманда кавайсың. Баткендик эркектерди Эки дүйнө таппайсың. Кулдай иштеп күн түнү. Байдай болуп жашайсың. Үйдү жыйнап,нанды жаап. Уй,торпокту айдайсың. Пахта терип,мака чаап. Чарпаяда чардайсың. Бирок билгин акыры. Мээнетиңди актайсың Күндүз күндөй,түн айдай. Жазгы гүлдөй жайнайсың. Көп жазбайын мактанып. Тийсең анан байкайсың. Кыйналасың башында. Кийин сүйүп баштайсың.