Таенемдин жаркын элесине!
"Өзүң барда дүйнө толук көрүнчү..."
(Автор: Зайнелова Беназир.)
Ишене албай келем чындап өңүмбү,
Билбейм неге, таянаарым өзүңбү.
Кош айтышып кеткениңде бул дүйнө,
Эңшерилип, капталы жок көрүндү.
Таштап кимге кете бердиң төрүңдү,
Тажап кимден, тандадың сен көрүңдү?
Сагынамын самап сени ар күнү,
Саамайыман сылап турчу өңүңдү.
Күндөр сенсиз өтпөй калды көңүлдүү,
Күңүрт тартып, күүгүм каптап өмүрдү.
Аруу таза кыялдарым, ойлорум,
Өзүң менен топуракка көмүлдү...
Жаманынан жакшы күнүң аз болду,
Тагдыр сага неге анча кас болду?
Миндиң дайым ой атынын күлүгүн,
"Балдарым" - деп, жүрөгүңө дарт толду.
Ыйынан да күлкүң сенин аз болду,
Ымыркайың эс тартканда мас болду.
Көө