Акча деген кагаз баалуу, жагымдуу,
Ар бир жерде балдай сүттөй татымдуу.
Ачык айтам азыр акча гүл жашоо,
Аста кирген, айтпай чыккан батымдуу.
Акча азыр сатып алган кадыр барк,
Акча болсо аздектелет улуу салт.
Акча азда кулга дагы айланаар,
Айыбы жок кылым кескен улуу калк.
Акча кээде ачылбас жол бүдөмүк,
Акча оору, алат шайың жүдөтүп.
Акча акча жана акча деп жүрүп,
Аз өмүрүң өтүп кетет күн өтүп.
Тилек Майрамбек уулу