🌿 Бир даанышман кишиден: "Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз?" - деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет: "Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм."
🌿 Укугу тепселген адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм.
🌿 Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм.
🌿 Жылуу сөз, жылмайып турган жүз - адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм.
🌿 Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам - бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм.
🌿 Өмүр бүтсө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм.