Автобустун ичинде жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар кетип бара жатышты. Бул түгөй шаардагы башка жаштардан кичине айырмаланып турду. Жаздын керемет таңында жигиттин келинчеги башына жакшынакай кылып ак жоолугун салынып алган. Бир маалда эле жашы кырктарды чамалап калган жүргүнчүлөрдүн бири жигитке: — Эй, жигит, мен сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Сен капа болбойсуңбу? — деп кайрылып калды. — Сураңыз байке, сизди эмне кызыктырат? — деди жаш жигит. — Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Келинчегиң да дурус окшойт. Ушундай жакшы заманда, элдер космоско каттап, илим далай нерсеге жетишип калган маалда сен өмүрлүк түгөйүңдү ысыкка карабай думбалап кийинтип койгонуң кандай?
Жаш кезинде атасы каза болуп калган баланы апасы өтө кыйынчылык менен окутуп тарбия кылат.
Шаардан окуп келген жигит айыл жеринде тез эле ийгиликтерге жетишип , жогорку жумуштарды аткара баштайт.
Бир күнү жоро - жолдоштору менен тоо койнунда эс алып олтурса бир койчу жакындап келет.
Жигит ордунан ыргып туруп койчуга салам айтат . Достору " Оо бай жигит сендей кыраан жигиттин койчуга ийиле салам бергени намыска туура келбей калатко " деп тамашалап да ийишет .
Койчу саламына жооп кайтарып " сен баланчанын уулу болосунбу ? Атаңдын уулу болуп аззамат жигит болупсун" дейт .
Анан койчу " уулум мына бул жети жүз койдун баары сеники . Атаң раматылык мага жыйырма кой берип балам бой
Бир айылда кичинекей жаштагы бир бала ата-энеси менен жашайт эле. Бала адепсиз болгондуктан кичинекей нерсе үчүн да тез ачууланып, кээде кармана албай калчу. Ал досторуна, кошуналарына жана өзүнөн кичинекейлерге дагы жаман мамиле кылаар эле. Натыйжада баары андан алыс боло баштады. Мындан ата-энеси да көп кабатырланып, баласын туура жолго салууга көп аракет жасап, бирок эч пайда бербеди. Бир күнү атасына бир пикир келет. Ал уулуна бир баштык мык берип, ар бир ачууланган учурда дубалга бирден мык кагууну буйруду. Баласына бул пикир күлкүлүү туюлду, бирок атасынын тапшырмасын аткарууга убада берди. Ошентип бала ар бир ачууланган учурда дубалга бирден мык кагуучу болду