Акыры келдиң, күткөнүмдү сезгенсип,
Ат айланып өз казыгын тапкансып.
Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?
Айтпай койдуң өзүң тапчы дегенсип.
Мейли айтпа, мейли мага жооп бербе,
Бирок билчи, татыктуусу мен эле.
Дагы изде, түрө кыдыр дүйнөнү,
Мен ишенем, таппайсың го дегеле.
Өзгөрүпсүң көрбөгөнсүп күн нурун,
Өзгөрүпсүң сезбегенсип түн койнун.
Бирок билдим, жылуулугун арнаган,
Өзгөрбөптүр жылуу, назик колдоруң.
Эми айтчы, кайра качан кетесиң?
"Сөзсүз келем"... Дагы кимге сөз бердиң?
Билип койгун! Бербейм сени эч кимге!
Мындан ары түбөлүккө мендиксиң!