Кайтып келдин бирок калдын кечигип Калган кезде келечек жол чечилип. Сага деген сезим очкон журоктон, Таарынбаймын эбак койгом кечирип. Сен да мени кечирип кой кечиктин, Озум куткон махабатка кезиктим. Сага болгон сезимдерим саргайган Барагындай он жыл откон гезиттин. Ырлар болуп жалгыз сырдаш эрмегим Кутуп жургон кезде неге келбедин? Сага шагым ийип тургам ошондо Азыр сенин колун жеткис жердемин.