Түрлүү жаракаттын териде калган орду, тагыраак айтканда тырыктан арылуунун жолу барбы? Өкүнүчкө карай, жашоодо түрдүү терс жагдайларга тап болуп, терисине «из» салган адамдар жок эмес. Демек, алар үчүн бул сурактын жообу өтө маанилүү. Эмессе жыгылып-сүрүнгөндөн, кулап сыйрытып алгандан, күйүктөн калган тактарды же болбосо операциядан кийин калган изден арулуунун жолу караштырсак.
Лимон ширеси
Лимон ширесинин тырыкка күндө сүйкөп туруу кажет. Бул дарыны натыйжасы байкалганга чейин улантабыз. С витаминине бай лимон ширеси чыгып турган терини жумшартып, ордуна келтирет жана кызарганын (кээ бирөө көгөрөт) басат.