*Азирети Умар бин Хаттаб (ага Алла ыраазы болсун)*
Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын аттын кашкасындай таанымал, эң бир көрүнүктүү сахабасы, досу, момундардын экинчи халифи. Атасынын аты-жөнү Хаттаб ибн Нуфайл, энеси Хантама деген аял болгон.
Ак менен караны, адал менен арамды, жакшы менен жаманды так ажыратканы үчүн "Ал-Фаарук" (Ажыратуучу) деген атка конгон. Эң улуу баласы Хафса болгондуктан, «Абу Хафса» (Хафсанын атасы) деп да аташкан. Ал тарых баракчаларында "Пил жылы" аталып калган окуядан он үч жылдан-кийин, болжол менен 585-жылы Меккеде туулган.
Азирети Умар (ага Алла ыраазы болсун) узун бойлуу, кең далылуу, балбан денелүү, эч нерседен кайра кайтпаган эр жүрөк а