*ЖАКШЫЛЫК ДА ӨЗҮНӨ, ЖАМАНДЫКТА ӨЗҮНӨ...*
Кийимдери жыртылган, бети-колу күнгө туурулган дербиш айыл аралап: "Жакшылык кылсаң да өзүнө, жамандык кылсаң да өзүнө",- деп күбүрөнө тилемчилик кылып жургон. Айыл этегинде урушпаган адамы калбаган, көк бет, долу аял жашачу. Эшик алдына келген "Жакшылык кылсаң да өзүнө, жамандык кылсаң да өзүнө",-деп күбүрөп турган дербишти көрүп, шайтан сайып, жарты нандын ичине уу сээп колуна карматат да:
-Жакшылык болсо да, жамандык болсо да көрдүм, өзүн да, сөзүң да маанисиз бир деме экенсиң,-деп жийиркенип, мыскылдай кирип кетет.
Жарты нан болсо да шүгүр кылган дербиш ыраазычылыгын билдирип басып кетет.Айылдан эми гана чыгып, көк шиберге олтурган дербиш жарты н