Кыз айтып жатты: -Менин денемди кепинге ороп Аслан, Руслан, Бийсолт жана Беслан көтөрүп жөнөштү. Алар кепинди көтөрүп жөнөшкөндө мен өзүмдүн денемди эмес, ит кейпин айланып калган денени көрдүм😱. Мен бакырып ыйлап аларга айтып жаттым: силер мени эмес ит денесин алып бвратасыңар. Бирок мени эч ким уккан да, көргөн да жок. Алар денени жерге көмүшүп, суу сээп, качан акыркы адам мүрзөдөн чыгып кеткен учурда, жаныма менин жанымды алган бир периште зат пайда болду. Мен мүрзөдөн чыгып адамдар жакка качып кетким келди, бирок эч жерим кыймылга келбеди. Периште сүйлөдү: "кел бул жакка, өзүңдүн мүрзөңө жат". Мен ага жалынып жалбарып ал жерге жаткырбоосун суранып жаттым, мага дагы бир күн убакыт берүүс