Аруулап сезимдерди, саптарга тизиптирсин,
Ар убак ичиндеги, ый менен журуптурсуң
Эх чиркин суйуу деген, токтобой агып жаткан,
Дайранын толкунунда, калаксыз сүзүптүрсүң.
Агызып көз жашыңды, ырыңда ыйлаптырсың.
Көңүлүң калса дагы, көзүңдү бурбаптырсың
Көгөргөн деңиз элең, толкунуң жээке чыккан,
Кабылган суйууң менен чөл болуп кургаптырсын,
Кайытып сырларыңды, калемге айтыптырсың
Качанкы суйууң менен кайгыга кайтыптырсын
Карагат коздорундон агызбай жаштарынды
Карагым көөдөнүңө, сыр кылып катыптырсың
Адилет Аянбаев
АРУУ ДҮЙНӨ адабий клубунун мүчөсү
10.01,2019