Тилөө ыры
О, Жараткан,
пейилим, оюм билесиң,
Тиленерим да,
ишенерим да – бир өзүң.
Алакан жайып,
жакшылык тилеп суранган,
Кабыл кыл элдин,
кабыл кыл ушул тилөөсүн.
Арача болгун,
Онтоткон катуу оорудан,
Армандан сакта,
Үмүтү эрте соолуган.
Бузуктан сакта,
Эл-жерге салчу алаамат,
Капилет келчү
кырсыктан сакта, тооруган.
Кундорго - кундор,
Уланып узак жолдордой,
Өлчөнүү өмүр,
адамзат өксүп кор болбой,
Бакдөөлөт күтүп,
Бараандуу өмүр сүрсө экен,
Бактысын кудум,
Кол менен жасап койгондой.
Укпасын эл-жер,
Тартпасын кайгы, убайды?..
Жакшылык тилеп,
Жарышып бата сурайлы.
Ынтымак, ыр-күү,
Эсендик менен уланып,
Атанын салтын,
Эненин наркын улайлы...
Элибиз эсен,
Жерибиз бүтүн болсо экен,
Башына