Күйөөсү менен аялы абдан кедей жашачу. Бирок, башка тартса бутка, бутка тартса башка жетпеген кедейчилик, алардын ынтымагын буза алган жок. Алар абдан ынтымактуу жашоо кечирчү. Бир түнү аялы күйөөсүнө эркелей карап:
-Жаным, чачым чатышып аябай жүдөп кеттим. Мага
бир тарак сатып бере аласыңбы? – деп суранып
калды. Күйөөсү оор үшкүрүп:
-Жаным, бир аз сабыр кыла тур! Ал эмес, азыр саатыма
боо ала албай жүрөм - деп, жооп кайтарды. Акылдуу аял сөзүн экинчи жолу кайталаган жок. Жубайлар өз ойлору менен көпкө алп урушуп жатып, уктап кетишти. Эртеси эртең менен күйөөсү жумушка кетти. Түшкө чейин жумушун бүткөрүп, шашып-бушуп базарга барды да, жарыбаган акчага, боосу жок саатын сатып, жакшы