КРнын 5-президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин расмий түрдө кызматка киришкенине 6 ай болду. Бул мөөнөттүн ичинде ал коррупцияга каршы күрөш баштоо менен эл арасында кадыр-баркка ээ болууга жетишти. Эгерде Жээнбеков С.Ш. уурулукка каршы күрөштү аягына чейин аёосуз жүргүзүп, эл мүлкүн өз мүлкүндөй пайдаланган жемкорлорду оор жоопкерчиликке тартса, мамлекеттин жаркын келечегине терс таасир этүүчү фактор болгон карыз маселесин өз убагында чечсе, конкреттүү механизмдерди иштеп чыгуу аркылуу эңшерилген экономиканы көтөрсө жана ак жеринен темир тордо олтурган азаматтарды актап, аларды маанилүү мамлекеттик кызматтарга алып келсе легендарлуу элдик президентке айланат эле. Бирок, мунун баарын жа