Жан чыдагыс сагынычты ичиме, жутуп турам... даба болчу кичине. Жагымдуу ырлар – жан эргиткен кайрыгы, Кусалыгым жеткир күткөн кишиме... Кучагында күтүү деген сезимдин, Өмүр бою калуучудай сезилдим. Кечиккениң үчүн бактым, кээ бирде, Келбей кетет сени эч качан кечиргим... Ансыз да адам өмүр, жашка жарды да, Айлар, жылдар... канчасы артта калды да. Билбейм, дагы кандай сыноо, табышмак, Тагдыр күтүп жатат бизди алдыда... Ж.Ис.