‼БҮГҮН ЗУЛЬ-ХИЖЖА АЙЫНЫН БИРИНЧИ КҮНҮ.
Бул берекелүү он күн аралыгында ибадаттын кандай түрлөрүн кылуу керек?
– Бул күндөрү ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша орозо тутуу, зикир кылуу, дуа кылуу, Куран окуу, садака берүу жана башка ибадаттарды көбөйтүү керек.
Зуль-Хижжа айынын баштапкы он күнүнүн пазилеттери жөнүндө бир нече аят-хадистер келген.
Аллах Таала айтты: *«Таңга ант! Он түнгө ант!»*. (Фажр сүрөөсү, 1,2-аят).
Ибну Аббас: «Бул аятты Зуль-Хижжа айынын баштапкы он күнү»,– деп тафсирлеген.
Ошондой эле пайгамбарыбыз – ага Аллахтын салават-саламдары болсун – мындай деди:
*«Зуль-Хижжанын баштапкы он күнүндө кылынган иштерден да жакшыраак сооптуу иш жок»,- деп айтканда, сахабалар сурашты: