Гезитти окуйбуз, коланы ичебиз, туз менен тамактын даамын чыгарабыз, тиш пастасы менен тишибизди жууйбуз... Көрсө, буларды мындан башка учурларда да колдонууга болот экен.
Кока-кола
Коланы чайнектин ичине куйган соң чайнекти токко туташтырасыз. Бир аз кайнагандан кийин ичиндеги кеберлер кетет.
Ичи кебер сыяктуу болуп саргарып кеткен унитазды тазалоо үчүн да коланы колдонсоңуз болот. Ал үчүн коланы кирлердин үстүнө жаба куюп, бир канча мүнөткө коюп коюңуз. Бул убакытта кола кирлерди эзип чыгарат да, кийин оңой жуулат.
Кийимдеги ар кандай тактарды кетириш үчүн аны колага аябай чылап, бир канча саатка коюп коюу зарыл. Андан кийин кадимкидей жууй б