Табылган шакек (Мүшкүлдөр салават аркылуу чечилет).
Бул кереметтүү окуя Шам жергесинде орун алат. Калайык калың журттун ичинде такыбалыгы чырактай белгилүү олуя жөнөкөй өмүр сүрөт. Ал олуянын ичи тар жөөт кошунасы эле. Жаратканга табынуунун себебинен өмүрү жана үй-бүлөсү гүлдөгөн олуянын жашоосуна жөөт кошуна көрө албастык кылат. Жарыктык олуя пенде жөөт кошунасына канча даават кылат, канча насаат айтат, канча үгүт кылат, баары бир майнап чыкпайт. Олуянын дагы жаңы бир ийгилигине чыдай албай жөөт келип, кошунасына кайрылат:
- Кошуна, бул сиз, деги бир жамандыкка кабылганыңызды көрбөдүм. Сыр болбосо, бакытыңыздын ачкычын айтып койсоңуз.
- Башыма кандай гана мүшкүл иш же түйшүк келе турган