12-БӨЛҮМ...
Ачуумдун келип турганын байкаган Кумар, өзүнүн күнөөсүн сезе: " Кандай Айжамал? ... Сенин качан келээриңди билбедим да ... Үйдө болмок экенмин. Мен тиги... " .
Кумар сөзүнүн аягына чыккыча мен сүйлөдүм.
— Кумар, кандай жүрөгү жок, акылы жок адамсың! Сенден канча жолу сурандым, ошол оюнуңа ойнобочу, таштачы деп! Мен ичимдеги баланы алдырам деп, ,кандай сөздөрдү укканымды билесиңби? Бекер болсун деп, жалдырап врачтардан сурандым. Мен көчөдө калган жетим эмесмин го. Жок дегенде ичимдеги бала жөнүндө ойлоп койсоң боло! Кантсе да атасы сенсиң ! Жардам болсун деп ата - энем акча берсе, аны да сен иштетип жиберген батирдин акысына бердим. Эмне үчүн сенин азабыңды мен тартышым керек!