Жатындын жарылуусусуз, кесаревосуз төрөөнү ар бир айым кыялданат. Ден соолугу чың баланын төрөлүшү андан да маанилүү. Бул үчүн кош бойлуу айым төрөткө чейин өзүн даярдоосу абзел. Кантип? Төмөндө жазылган оңой жана бат төрөөнүн ыкмаларын үй шартында жасап көрсөңүз болот. Бирок гинекологдун кеңеши менен гана.
Медициналык ыкмалар
– Өзгөчө кош бойлуулуктун акыркы айларында эне туура тамактануусун көзөмөлдөөсү керек. Анткени эненин эт, ун азыктарын, таттууларды көп колдонуусунан баланын салмагы көбөйүп, натыйжада төрөт учурунда жатындын жарылуусу пайда болот.
– Жеңил төрөө үчүн айымдын психологиялык жактан өзүн-өзү даярдоосу маанилүү. Төрөттү жеңил жана ийгилик