Жол кырсыгына кабылган жигит
ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер аны
өлдү дешти. Жигит болсо периштелердин
коштоосунда бара жатты. Бир жерге
келгенде периште айтты: " Үч кадамдан
кийин бейишке киресиң". Жигит сүйүнүп
бир кадам шилтегенде кулагына
бирөөлөрдүн ыйлаган үнү угулду. " Ким
булар? " Периште жооп кылды: " Сенин
балдарың өлгөнүңө ыйлап атышат. Бир
айдан кийин алар ыйлабай калышат" деди.
Экинчи кадамын шилтегенде дагы аябай
ыйлаган үн угулду. " Ким бул?" деди.
Периште : " Бул сенин аялың. Бир жылдан
кийин ыйлабай калат. Балким өз бактысын
таап жашоосун улантат" деди. Үчүнчү
кадамын шилтегенде, өтө аянычтуу ыйлаган
үн угулду. " Бул ким ? " деди. Периште
болсо : " Бул се