Сен неге тунжурайсың капаланып
Сезимге кайгы, муңду жасап алып
Узарткың келген болсо өмүрүңдү
Укмуштай шаттуу кылгын көңүлүңдү
Өзүңдү бакча кылып көрктөп жибер
Өкүттү отко салып өрттөп жибер
Айтайын уккуң келсе сабак алчы
Атайын калем менен барак алчы
Калемден касиетти издеп көргүн
Каалоо максаттарды тизмектегин
Ден соолук, сүйүү же акча керек...
Дегдеген кыялды жаз катка бөлөп.
Жараткан кудайга деп, колуңда кат,
Жазганың сөзсүз түрдө орундалат.
Билесиңби калемдин анты барын,
Жазганың иш жүзүнө тартыларын.
Бактысызмын дебе барак ачпай туруп,
Бар үмүтүң, кыялың жазбай туруп.
Өкүнбөгүн максатың таппай туруп,
Өмүрүңдүн барагы актай туруп!