Бала күтүп жаткан учурда болочок эненин организминде көптөгөн өзгөрүүлөр болот эмеспи. Алардын бири – кош бойлуулукту коштогон шишик. Башка учурда жүрөк-кан тамыр же бөйрөк ооруларынан белги берип турган шишик кош бойлуулук учурунда канчалык деңгээлде коркунучтуу?.. Шишик эмне үчүн пайда болот?
Кош бойлуулуктагы шишиктин негизги себебин көпчүлүк дарыгерлер сууну көп пайдалануудан деп түшүндүрүшөт. Бирок, шишиктин негизги себеби суу эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, шишик организмге чогулуп калган натрийден улам пайда болот. А натрийди болсо туз пайда кылат. Андыктан, кош бойлуу аял суу ичүүнү эмес, туздуу азыктарды пайдаланууну чектөөсү керек. Ош