- Иий, сонун экен! Канчадан мунуң?
- Акыркысы калды эже. Сизге 1000 сом кылып берем.
- Кымбат ай! 900гө берсең алып кетем.
- Макул, көңүлүңүз ооруп калбасын. Алыңыз.
- Иий, сонун экен, ай! Жуман карасаң, жараштыбы?
- Ооба.
Назирага туфли аябай жакты. Үйгө келип кечке кармалап отурду. Балдар көрөйүн десе да берген жок.
- Эртең жумушуңа кийип барасыңбы?
- Жок ай, муну мындай күндөрдө кийбейт. Кийин жакшылыктарга кийип барам.
Коробкасына салып бекитип койду. 2 жыл өттү. Канчалаган тойго бардык. Ана кием, мына кием деп аяп жүрүп такыр кийген жок. Сурасам убактысы келе эле деп коет. Жаңы бойдон шкафта турду.
- Алло, Жуман Мукамбетов бекен?
- Ооба.
- Бейтапканадан чалып жатабыз. Аялыңыз оор абалд