"23-ФЕВРАЛЬ МЫРЗАЛАРГА"
Кыргыз элим, жерим менен мактанам,
Кыргызстанда бүгүн майрам! Жар салам!
Кыргызымда эр жүрөктүү жигит көп,
Элин коргоп,сүйүшөт деп айталам!
Аталарды,мырзаларды унутпайм,
"Мекен коргоо күнү" менен куттуктайм!
Ар намысты дайыма бек сактагын деп,
Жоокерлерге ушул ырды сунуштайм!
Эркек заты жок болгондо не болмок,
Аял деген тирүүлүктө кор болмок.!Мырзалардын бардыгына миң шүкүр,
Эмдигиче кыгыз элим жок болмок.
Бар болгула,эсен болуп ар дайым,
Ден-соолугун чың кыла көр кудайым!
Али алдыда күчтүү уулдар төрөлөт,
Армияга жөнөтүүгө биз дайын!
Мекенимди коргоочулар,мырзалар,
Омур жолдош, кам кор болгон аталар.
Башты ийип,таазим кылып бүгүн биз,
Баарыңарды куттукташат айымдар!