Сууда жашаган бир балык суунун кадырын билбейт, суудан чыгарып койсоң, кайра сууга жетиш үчүн жан алакетке түшөт. Адамдар дагы ушундай. Колунда турган жакшылыктардын шүгүрүн анык биле албайт, жамандын жаманын көрмөйүнчө, башынан өтмөйүнчө анча түшүнө бербейт.
Бир падыша кулу менен бирге кемеге түшөт. Кул эч качан деңиз көрбөгөн жана кеме машакатын тартпаган эле. Онтоп ыйлап баштайт. Калтырап титирейт. Сооротуш үчүн канча аракет кылышса да басылбайт. Падышанын тынчы кетет.
Кемедегилер эмне кылууну билбей турган кезде карыя бир адам падышанын алдына чыгат, уруксат берсеңиз, мен анын үнүн басайын дейт. Падыша мунун сунушун жактыруу менен кабылдайт.