"Чиедей эки баламды жетим калтыргым келбей, жардам сурап кайрылганга аргасыз болдум" дейт боордун циррозунан жабыр тарткан ата Жалындаган жаштык курагында оор илдет менен күрөшүп, кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап жаткан Милан Садыкжан уулу 24 гана жашта. "Телеканалдардын биринде оператор болуп эмгектенип, бош учурда элдин жакшылыгында кызмат кылып той, ар кандай мааракелерди тартып, монтаждап берчүмүн. Эл катары ата-энемдин ак батасын алып үйлөнүп, алгач кыздуу, андан соң уулдуу болдум. 2012-жылы ооруп калганыма байланыштуу облустук ооруканага жаткам. Алгач мени бөйрөгүңө суук тийиптир деп эле дарылап жатышты, ошол мезгилде эле боорум ооручу экен. 2018-жылдын январь айында кайрадан оору