КЫЗЫЛ ЖҮГҮРҮК ЖҮРӨКТҮН КЕМТИГИНЕ АЛЫП КЕЛЕТ
Кызыл жүгүрүк жөн жерден пайда болбойт. Сөзсүз бир себеби болот. Мисалы, ангина болуп калдыңызбы, аны дарылатпасаңыз кызыл жүгүрүк келип чыгышы мүмкүн. Аталган оорунун организмге дагы кандай терс таасирлери бар?
КЫЗЫЛ ЖҮГҮРҮК
Кызыл жүгүрүк (ревматизм) – байыркы грек тилинен которгондо агым, агыш, жайылуу (дене бой) дегенди билдирет. Жүрөк, муун, нерв системи, ошондой эле башка органдардын сезгениши менен мүнөздөлгөн инфекциялык оору. Көбүнчө 7-15 жаштагылар ооруйт. Ал эми 7 жашка чейинкилер жана улгайып калгандар арасында аз кездешет.
Оорунун күчөп, оор өтүшүнө организмдин иммундук системинин начарлашы да түрткү болот. Сыз, ным жана суук өтүү