Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу - Мөлмөлүм,
Бүгүн белгилүү болсун ыр менен.
Эки илабиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасам жүрөккө от,
Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Күйдү Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан, аа,
Калемпир мончок жытыңдан.
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыглык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-