Каакым муундагы оорудан арылтат
Эгер муундарыңыз ооруп, доктурлардын кеңеши жардам бербей жатса, анда жаратылыштын белеги болгон каакымды сөзсүз түрдө колдонуп көрүңүз. Чөп өскөн жердин баарында байыр алган Каакым гүлдөп турган маалында муундар үчүн миңдин бирине айланат. Медицинада бул өсүмдүктү артрит, артроз, подагра, ревматизм аттуу ооруларга дары жасоодо колдонот.
Кээ бир учурда каакымдын тамырын да дабага кошот. Бирок аны эрте жазда же күздө гана казуу керек.
• Каакым гүлүнүн тундурмасын даярдоо ыкмасы — 500 г жаңы терилген гүлгө 0,5 л спирт (70%) куюп, оозун жакшылап жаап, караңгы жерге 12 күнгө коюп коёбуз. Ревматизм, подагра, артрит, артроздо ооруган муунга кызарганча сүртөбүз да