&&&&&&&&&&&&&&&&&
Аалам бийик, асман бийик, ай бийик,
Жерде жашап..., эн кыйыны тирилик.
Жагып турат куран окуйт эстуу уул
Курман болгон ата энеге бир билик.
########
Мага жагат баткан кун да, аткан тан,
Аябаган кооздуктарын адамдан.
Неге келдим, неге жашап журомун
Унутулуп кетчуу болсом ааламдан.
########
Келиндерим, куйо балам эгемден,
Кенен кептен калтырчуум бар керегем
Ыраазымын Кудай берген уул кызга,
Туяк менден калбаса анда ким элем.
########
Жаным курман эл деп жургон жандарга,
Кут тилеймин жарык чачкан ак танда.
Дуйно артынан куубайм шугур келтирем
Ыраазы мен алты саным аманга
########
Ак, карасы жашоонун тузук бузук,
Торолгондон жол тарткан бизге сызык.
Ошол жолду аяктап