Бактысыз балалыгым
«Өзүм өрүкзарлуу Баткенденмин. Кенедейимен эле мээримге таңсык өстүм. Бала чагымда ата-энемен ажырап, алыскы туугандардын колунда ит көрбөгөн кордукту тарттым. Ал кордуктардын бирин айтсамбы, же экисин айтсамбы? Өрүк бышкан маалда, ар бир өрүк багынын тээ кылда учуна чейин тырмышып чыгып барып, өрүк терчүмүн. Мындан өткөн азап барбы? Кадимкидей башым айланып, көзүм алачакмактап кетүүчү. «Кайсыл бир күнү өрүк багынан кулап жан таслим болуп калбагай элем» деген суук ой мээмди көзөчү. Ушундан улам, өрүк тегиз бышкан мезгилди, эмнегедир, күтчү эмесмин. Андан сырткары таң саардан кой бакканы сайга жөнөчүмүн. Анан койлорду күүгүм кирип, жылдыз асманга жыбырап толгон маалда гана