Сен жонундо сонундалган угам кеп,Сен айткандай жалбарамын кудай деп. Сен омурго бакыт изин коргоздун, Сен касиет, сен улуусун МУХАММЕД! Ак жолунду жулунган бар бузам деп, Акылсызга ичим жалын, ызаам коп. Таркан санаа, туркун ойлор жоюлсун, Туш коройун кел жаныма МУХАММЕД! Махабатым АЛЛАХ учун, сен учун, Мен озунду кумон балким корушум. Оо,МУХАММЕД,сен бар учун бейиште, Ойлоп енсейм акыреттин бейишин! Мен мусулман жолдо баскан кыялап, МУХАММЕД деп каректен жаш куланат. Егер сенин нурун очсо омурдон, Ечак келмек бул дуйного кыямат! Сыноосу оор сегиз кундук жалганда, Сенин созун укпай кеткен арманда. Болбосом да замандашын кантейин, Бактылуумун уммот болуп калганда.