Өлүм деген өжөр чындык Өлбөй калган адам жок. Доор айланып, өтүп кетет, Өтпөй калган заман жок. Өтүп кетти бул дүйнөдөн Пирамида кургандар. Тоо бооруна шаар салып Таш үйлөрдө тургандар. Сен буларды укканда Өткөндөрдү эстегин. Сабак болоор тарыхын Укпай туруп кетпегин. Байыркы шаар урандысы… Заалымдардын тамгасы. Өткөн заман жашоосуна Саякаттын каалгасы. Бархандардан бархандарга Кум бороону сейилдейт. Балким ушул кумдөбөдө Шаар бардыр. Сезилбейт. Түбөлүккө жашадыбы Аны курган адамдар? Демек, ойлон, эй замандаш Ар бир башта өлүм бар Өлүм – кайып, өлүм – күчтүү Капысынан кол салат. Чеңгелине түшкөндү алып, Акыретке жол салат. Эч ким ага эч каршылык Көргөзгөнгө жарабайт. «Көз ирмемге коё тур-чу»