КОЛОМТОҢОРДО ОТ ӨЧПӨСҮН!
(Уулум Нурбек менен кызым Нуризанын туулган күнүнутурлап)
Атына заты жарашканалтындарым,
Асманыңарда Айыңар жансындайым!
Куттуу болсун бүгүнкүтуулган күнүңөр,
Кудай кошкон түгөйсүңөр,кагылайын!
Бактыңарга эч убакта көзтийбесин,
Бакчаңарда алма, өрүктөр бийлесин!
Үмүтүңөргө жеткиле жетинеалбай,
Үйүңөргө үшкүрүктөркирбесин!
Эгерим коломтоңордо отөчпөсүн,
Эккениңер соолуп калбайкөктөсүн!
Көккө жетсин төбөңөркубанычтан,
Көңүлүңөр эч убактачөкпөсүн!..
Ак тилегим менен апаңарДинара Акбашева