Мен менин өлкөмдө спирттик ичимдиктердин ичилүүсүнө каршымын 🥂🍻🚷✊
Спирттик ичимдиктердин зыяны тууралуу айтпай эле койойун. Дегеним учурда баарыбыз билебиз кандай кесепеттерге алып барарын.
Бир учурда той - топурда ичпеген киши уятка калса, учурда ичкен кишинин акылы соо экени күмөн жаратып турган чак. Биз көп деген айылдарда спирттик ичимдиктерге тыйуу салып көрдүк. Жакшы экен. Эл ыраазы. Жашоо өз нугунда баратат. Ошол үчүн өлүп калган киши деле жок. Ал эми ушул саамалыкты мамлекеттик деңгелде жасасак эмнеге болбосун.